www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-ноябрда Кытай баштаган 14 өлкө Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин (AСEAН) жыйынында жаңы экономикалык макулдашууга кол койду.

Эл аралык уюмдун быйылкы жыйыны Вьетнамдын Ханой шаарында уюштурулуп, бирок делегациялар видео-конференция аркылуу жыйынга катышты. Макулдашууга кол коюу дагы виртуалдык режимде өттү.

Белгилей кетсек, аймактык кеңири экономикалык өнөктөшүк деп аталган макулдашуу ага кошулган 15 мамлекеттин ортосунда соода-сатыкта тарифтерди төмөн кармоону көздөйт. Ошондой эле компаниялар макулдашууга кирген мамлекеттердин аймагында ар бир өлкөнүн уруксатын күтүп отурбастан эле товар экспорттой берет.

Макулдашууга интеллектуалдык менчик да киргизилген, бирок айлана-чөйрөнү коргоо жана жумушчулардын укуктарын коргоо камтылган эмес.

Документке кол койгон 15 өлкө пандемиянын оор экономикалык залакасын азайтууну максат кылат. Ошол эле учурда бул Кытайдын аймакта өз таасирин арттыруусуна өбөлгө болот деп баалагандар бар.

Макулдашууга AСЕАН бирикмесине кирген Вьетнам, Таиланд, Филиппин, Лаос, Камбожа, Мьянма, Малайзия, Сингапур, Индонезия, Бруней кол койду. Башка беш өлкө - Австралия, Кытай, Жапония, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея да жаңы макулдашууга кошулду.

Эскерте кетсек, макулдашууга АКШ кошулган жок . Жаңы документ президент Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин баш тарткан Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминин Бээжин демилге көтөргөн варианты катары каралууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости