www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гульнара Каримованын кызы өзүнүн Инстаграм баракчасынан энесинин ден соолугу начарлап кеткенин жарыялаган. Көп өтпөй коомчулукта Каримова өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылды деген кептер тараган.

Өзбекстандын Укук коргоо органдары Каримованын ден соолугу тууралуу билдирүү таратышып, анда жогоруда айтылган маалыматты четке кагышканын өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

“Гульнара Каримова суицидге барган жок. Ошондой эле ал тууралуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Каримова сот чыгарган өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат”-деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости