www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Цяньцзян шаарынын бийлиги өз каалоосу менен медициналык жайларга кайрылып, коронавирус аныкталган адамдарга 10 миң юандан (1 426 долларга жакын) төлөп берүүнү убадалады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Калаа бийлиги оорунун белгилери менен дарыгерлерге кайрылып, бирок коронавирус аныкталбаган адамдар миң юандан алышарын билдирди.

Бир миллионго жакын адам жашаган Цяньцзян шаары коронавирус биринчи жолу катталган Ухань шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча Цяньцзянда вирус жуктургандардын саны 197ге жетти. Хубэй провинциясында бул илдетти 65 миңге жакын адам жуктуруп, 2 600 киши каза болду.

Буга чейин Кытай бийлиги респиратордук оорунун белгилери менен кайрылган бейтаптар бекер текшерүүдөн өткөрүлөрүн билдирип, бул үчүн жергиликтүү бийликтерге кошумча каражат бөлгөн.

Азыркы учурда дүйнө боюнча коронавирусту 80 миң адам жуктуруп, 2 800гө жакын адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости