www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда күч алган коронавирусту жуктургандардын саны уламдан-уламга өсүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга байланыштуу Хубэй провинциясынын жетекчилиги эмне себептен оорулуулардын саны кескин өсүп кеткенин түшүндүрүп, дартты аныктоо боюнча жаңы ыкманын колдонулушу себеп болгонун айтты.

Белгилей кетсек, 13-февралда бир түндө эле 14 миң 840 киши вирус жуктурган.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 64 миң. Анын ичинен 6723 киши сакайып, 1380 киши көз жумду.

Последние новости