www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда ашыкча салмак менен жапа чеккен балдардын саны 15 миллионго жетип, дүйнөлүк тизмеде алдыга чыкты. Мындай жыйынтыктарды вашингтондук университет чыгарды дейт Associated Press басылмасы.
Экинчи орунду Индия ээлеген. Бул өлкөдө 14 миллион бала ашыкча салмактан жабыр тартып келет.
Акыркы жылдары Кытайда, Бразилияда жана Индонезияда ашыкча салмактан зыян тарткан балдардын саны үч эсеге көбөйгөн.
Дүйнө жүзүндө 107 миллиондон ашуун бала ашыкча салмактан кыйналып келет. Ал эми улуу курактагылардын саны 603 миллионго жетет.
2015 –жылы АКШ улуулар арасында ашыкча салмак боюнча биринчи орунду ээлеп келген. Америкада 79 миллион бойго жеткен адам ашыкча салмак менен ооруса, Кытайда 57 миллионго барат.
Буга чейин айрым илимий изилдөө институттары Кытайдагы семиздик көйгөйү чоң апалалардан жана чоң аталардын туура эмес тарбиясынан келип чыгууда деп изилдешкен.
Булак: "5news.kg"