www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлардын Сокулукта жайгашкан кафель чыгаруучу заводунун директору мас абалында жумушчуларын ур-токмокко алып, кордоого алган. Эске салсак, аталган завод кытай ишкерине таандык, жетекчиси жана адмиинстративдик курамы кытайлар болгону менен, жумушчулардын баары жергиликтүүлөр.
Жумушчулардын айтымында, өткөн кечинде заводдун башкы директору Чжо Дай Сю мас абалында цехке кирип келип, ал жерде тамактанып жаткан жумушчуларга кыйкырып, тамактарды чачып кирген. Ал жумушчулардын отургучтарга отуруп тамактанып жатканына нааразы болуп, “туруп тамактангыла!” деп буйруган. Анан бирөөсүнүн жанына келип ур-токмокко алып кирген.
Ал күнү кытай директор мас болгондуктан, баардыгы анын соолугушун күтүп, бүгүн анын келтегине кабылган жумушчудан кечирим сурашын талап кылып митинг кылышты. Бирок, Чжо Дай Сю аларга чыкпай, жарым сааттан кийин өз адамдары аркылуу кечирим сурабашын билдирген. Жабырланган жумушчу эми укук коргоо органдарына кайрылууну көздөөдө.
Булак: NazarNews.kg