www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай тарап Кыргызстанга карыздарды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдугун берип, ошону менен бирге белгилүү бир шарт койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков билдирди.
Татиковдун айтымында, азыркы тапта Кыргызстан Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"Сүйлөшүү процесстери жүрүп жаткандыктан ар бир жагдайын айтпай турайын. ЖМКлар кытай тарап карыздын мөөнөтүн узартууга макул болгон жок деп жазууда, бирок андай эмес. Кытай төлөө мөөнөтүн жылдырды, бирок өзүнчө бир шарт койду, учурда аны талкуулап жатабыз. Сүйлөшүү соңуна чыкса, 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрга чейинки төлөө убактысы жылдырылат. Анын суммасы 35 миллион доллар", — деди Татиков.
Булак: NazarNews.kg