www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кече үчүн бул жыл татаал жылдардын бири болгон өңдүү. Буга чейин аталган жерде тоо кулап, адамдар араңдан зорго тирүү калышса, эми ошол кырсыктын кесепетинен жол көйгөйү чыгып, бир кырсыктын артынан экинчиси болуп жатат.
Көмүр кенинде бул жолку кырсыкта эки унаа сүзүшүп, биринин айдоочусу каза болду. Маалыматка ылайык, айдоочу кырсык болгон убакытта дароо мүрт кеткен, ал эми жанындагы жардамчысы унаадан секирип чыгып кеткенге жетишкен.
Кара-Кечеде иштеген айдоочулардын айтымына караганда жол өтө тар, эки унаа батпайт. Маал-маалы менен тыгын пайда болуп, кээде мынтип кырсыктап кеткендер да жок эмес.
Бийликке үнү жетпеген адамдар чоңдорубуздун кулагына кыйкыра жеткенге чейин дагы канча адам дүйнөдөн кайтыш керек деп суроого батып келишет.
Булак: NazarNews.kg