www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И кытай тараптын Кыргыз Республикасынын КЭРге мамлекеттик тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартканы үчүн кошумча төлөм талап кылбай тургандагы тууралуу чечимин билдирди.

Маалыматка ылайык, кытай тарап мындай чечимди Сиань шаарында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, КЭРдин тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу учурунда айтты.

Министр Ван И кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөгү аракетин жогору баалады.

«Тараптар аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулукту камысздоо, жаралган маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө умтулуу аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигинде бирдиктүү болушту.

Кытай тарап муктаждыктар жана керектөөлөр боюнча кошумча так маалымат берилгенден кийин Кыргызстандын жаңжалдуу аймактан жабыркаган жашоочуларына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КЭР ТИМи менен КР ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости