www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыктын анатомиясын бала кезинен үйрөнгөн Сапар Исаков ким бийлик башында турса да кубулуп турчу. Жээнбеков аны кубултканга жеткизбей эле, желкеден кармап ТЭЦ боюнча кустурганы жаткан, бийлик алмашып кетип, Сапар Исаков житип жоголду. «Ийне жоголду, ийне жоголду» - деп илгери издөө жүргүзсө эми: «Сапар Исаков житип жоголду, Сапар Исаков житип жоголду» деп тиешелүү органдар издемиш болгону менен, ал Газпромдун учагы менен Орусияга барып жабышып, бүгүн акактап, аптыга Кремлдин канын соро баштады. Акаевдин убагында ал балакай болчу,ЖОЖдон окуп, ошол жактан иштеп жүргөн. Андан кийин аны жердеши Жекшенкулов көтөрмөлөп ТИМге алып келген. Максимге жагып ЦАРИИде маалыматты тейлеп, журналисттер менен жакшы ымалаалаш болгон. Убактылуу Өкмөт учурунда ЦАРИИни сатып Атамбаевдин оң колуна айланган.

Сапар Исаков турганда азыркы бийликке альтернатива бар

Октябрда болгон башаламандыкты басып, өкмөт башына Садыр Жапаров келет. Эл шайлап президент кылган Сооронбай Жээнбековго угушубузча Орусиянын президенти Владимир Путин: «Биз эми баш-аякты жыйып, мамлекет башына киши тандагыча 15-20 күн бийлик башына тура тур» - деген экен. Арийне, ал убакты күтпөй Сооронбай Жээнбеков мамлекет башынан кетет. АКШ уюштурган башаламандыктан соң мамлекет башына Садыр Жапаров келет. Эмне үчүн Орусия ал президенттик шайлоодон өткүчө назар салган жок:

1.Орусия президенттик шайлоонун жыйынтыгын күттү.

2.Тышкы иштер министринин ордун тартып алган бабановчул Руслан Казакбаев Садыр Жапаров менен Путиндин ортосуна жик салыш үчүн, Москвага иш сапары менен барганда дипломатиялык эмес, улутчулдук сезимдерин көрсөткөн. Ага Жапаровдун бийликтен жыдып, Атамбаев колдогон Сапар Исаковдун келиши кызык болгон.

3. Октябрда башаламандыкты АКШ уюштурган. Анткени, Жээнбековдун бийлиги АКШ таңуулаган келишимди колдобой, кол койбой койгон. АКШ өз кишилерин бийликке алып келген, акырындык менен баарын Садыр Жапаров бийликтен сүрүп чыгарды. АКШ уюштурган башаламандыктан соң бийлик башына келген Садыр Жапаровду бабановчул Казакбаев улутчул катары көрсөтүп жатса, Кремль жактырган деле эмес.

4. Кремль Миллер тарабынан Сапар Исаковду Москвага алып келип, аны АКШга каршы таптай баштаган.

Ушундай себептерден улам, Кремль 3-4 ай Кыргызстанга көңүл бөлбөй турган. Садыр Жапаров президент болор менен биринчи иш сапарын Москвадан баштады. Бул Путинге майдай жакканы менен, президенттик шайлоо менен алпурушуп жүргөн Вашингтонго жаккан жок. Ошондуктан алар Афганистандан жаа боюу качышып, Борбор Азия мамлекеттерин каламанга салып беребиз деп турушат. Талибандардын деле баштары бар апийимден миллиарддаган байлык топтоп жатышса, бул жакка чуу салып эмне кылат? Анын үстүнө Путиндин Борбор Азия өлкөлөрү менен ШКУ, ЖККУ боюнча кызматташтыгы бар.

Садыр Жапаров акырындык менен АКШнын акча каражаты менен башаламандык жасагандарды бийликтен сүрүп чыкты. Бир гана Руслан Казакбаев калды. Мунун деле убакыт сааты чукулдап калгандай. Азыр батышчылдар Орусияны жамандап өлгөнү калышты. Кокус Орусия жүзүн буруп кетсе, Афганистандагы өмүр боюу согуш менен өскөн жоочулдарга ким каршы туруп берет? Батышчылдарбы алар беш жылдык визаларын пайдаланышып, АКШга Шадиевче кире качышы мүмкүн. Афганистанды 1978-жылы килтейген СССР империясы былкылдата албай койду, 2001-жылдан АКШ НАТО менен биригип богуна куурай сая албай койду. Эми алар орустардын ядролук куралдарынан улам Борбор Азияга кире албай турушат. АКШ болсо кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууганга гана устат. Алардын элчилигиндеги аскер атташеси Баткенге төрт жолу барды, ал барып кетер менен ал жерде чатак башталат. Кокус Орусия жүзүн буруп кетсе, Афганистан жоочулдары кирбейт деп ким кепил болуп бере алат?

Өлкө башында туруп мамлекетке ири чыгымдарды келтирген Сапар Исаков

Учурда мактоо пиарынын учу Сапар Исаковго бурулду. Анын мурунку бийликте тургандагы сүрөттөрүн коюп алышып, ортодо от жаккандар Путин менен азыркы бийликтин ортосуна от жага баштады. Бул сүрөттөр калп, мурунку сүрөттөр. Көңүлдөн, ишенимден, үмүттөн өткөн назик нерсе жок. Алар ушунчалык үлбүрөк жана ажайып болот. Ал эми ага каршы соккон катуу жел сөзсүз ичиркентип өтөт. Өтө катуу жел соксо, анда көңүл калуу, ишеним жоголуу, үмүт үзүлүү деген жагдайлар болот. Эл ичиндеги дал ушундай абалды Сапар Исаков өзүнүн көп жылдык бийлик мөөнөтүндө жасаган иштери менен түзүп салды. Ал өлкөбүздө ал бийликте турганда жасалган бардык ири долбоорлордон өзүнүн да жеке кызыкчылыгын унутта калтырбаган экен.

Сапар Исаков мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, өзүнүн кызыкчылыгын жогорураак коюптур. Биринчиден, Бишкек ТЭЦиндеги болуп өткөн авариядан кийин аны модернизациялоодогу ири коррупция ачыкка чыкты. Бир аттиштин баасы 660 долларга сатылып алынганын уккан элибиз аң-таң калды. Ошол ТЭЦтин ачылышында Атамбаев: “Айрымдар чет мамлекеттерден кредит албаш керек дешет. Муну айткандар эл душмандары, кредит алгандан коркпош керек” - деп күпүлдөгөнүн бир эстедик.Ошентип Кытай салган сыйыртмак 1 млрд 700 млнго жетти. Албетте, кредит алынганына эч ким каршы эмес эле, бирок ошол кредитти максаттуу пайдаланбай, жарымысынан көбүн жан-жөкөрлөрү менен бөлүштүрүп алганына жол болсун дешти элибиз.

ТЭЦтин артынан Сапар Исаков башында турган Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциянын изи чыкты. Адегенде ага сатылып алынган жыгач аттын баасы 14 000 евродон экен дешсе, аягында анын баасы 22 000 евродон болгонун билдик.

Мындай “эрдикти” жасоого жол бергени үчүн ошол эки жыгач аттын бирөөсүн Атамбаевге, экинчисин Сапар Исаковго “мингизип” туруп, түрмөнүн төрүнө отургузуп коюшкан. Себеби Сапар Исаков Тарых музейин кымбат гранит-мрамор таштарды сыйырып, ордуна жасалма плиталарды чапташып сыймыктануу менен талкаласа, аны АША сыймыктануу менен карап тургандыктан анан аларга “сыймыктануу” менен эки жыгач атты “мингизип” камап салышты эле, Сапар Исаков дикилдеп качып Кремлге жашынып алды. Эми булардын артынан Датка-Кемин ЛЭПтин курулушундагы сарпталган каражатты иликтөө демилгеси көтөрүлүп турат. Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушундагы каражаттарды да иликтөө зарылчылыгы чыкты.

Мына ушунун баары биригип келип, Сапар Исаковго болгон элдин ишенимине суу септи. Экинчиден, Сапар Исаков жогорку бийлик бутактарына тажрыйбасы да жок, диплому да жок Капар Исаков сыяктуу инилерин отургузганы, алар банкты, контрабанданы көзөмөлгө алышканын коомчулук билди. Сапар Исаков аларды кызматка койгонго чейин жөнөкөй эле жашашкандар алдыңкы байларга айланып чыга келишкенин да эл билди. Демек, ошондо Сапар Исаков коррупцияга каршы күрөшпөй эле, жаңы коррупционерди тарбиялап өстүргөн болуп калды.

Үчүнчүдөн, Чоң-Арыктагы президенттик резиденциянын артындагы “Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 коттедж кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткени белгилүү. Бул иштин башында БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тураарын эл сезип калган. Сапар Исаков өзү билип, өзү аралашкан ишке күнөөлүү катары Мамлекеттик Мүлктү Башкаруу Фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковду камап салганы, өзүнүн күнөөсүн бирөөнө оодаргандай эле болуп калды. “Идеал-Хаус” турак жай комплекси 142 миллион сомго арзан кеткени тууралуу маалыматты териштирүүнү Сапар Исаков Башкы прокуратурага тапшырган. Натыйжада тескерисинче күнөөлүү болуп журналист Алкановага каршы кылмыш иши козголуп калган. Териштирүүлөрдүн натыйжасында журналисттин эч кандай күнөөсү жок экени далилденген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости