www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажиктердин фуралары жеке транзиттик каттам аркылуу Орусиядан Кыргызстан аркылуу жүк алып келе жаткан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков билдирди.
«Урматтуу соцтармактын колдонуучулары, чындыкты билбей туруп күнөө коюу адамды ак жерден күйгүзөт. Бирок ошол учурдан кээ бирөөлөр пайдаланып кетишет. Ар кандай провакациялык негативдерди жамгырдай жаадырышат.
Кечээги соцтармакта чуу жараткан тажиктердин фуралары жеке транзиттик каттам аркылуу Орусиядан Кыргызстан аркылуу жүк алып келе жаткан. Бирок ошол учурдагы окуяга байланыштуу Ошто кармалып турушкан.
Ошондой эле, биздин жарандар да Тажикстанда жүк ташуучу унаалары менен калып кетишкен. Алар ушул убакка чейин өтө албай жатышат. Азыр тажик тарап менен маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Тажик жана кыргыз фураларын алмашмакчы. Ушул себептүү инспекторлордун коштоосунда Баткен облусундагы айып аянтчасына андан ары алмаштыруу үчүн бара жатышкан. Ордуна биздин кыргыз жарандарынын фураларын алмашышмак. Мына, болгон чындык ушундай. Азыр аткезчилик кыла турган кез эмес. Баарыңыздарды провакацияга алдырбоого чакырам», - деп белгиледи ал.
Булак: NazarNews.kg