www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мөңгүлөр биздин жардам менен жок кылынган. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.
--"Кумтөр маселеси козголуп калгандыгына байланыштуу 3 орчундуу маселе бар. Бул маселелердин терең каралышы жана укуктук жактан чечилиши башка маселелердин чечилишин шарттайт.
1. 2003-2004-жылдардагы "Кумтөр" кенин реструктуризациялоодогу Кыргыз Республикасына жасалган кыянаттыкты иликтөө, бул маселе боюнча кылмыш ишин ачуу, күнөөлүлөрдү жоопко тартуу. Ошол кыянаттык иштин натыйжасында Кумтөрдөгү биздин үлүш 67 пайыздан 33 пайызга түшүп, кен байлыкты башкаруу укугунан ажыраганбыз.
2. 2008-2009-жылдардагы "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдөгү мурдагы кыянаттыкты андан ары бекемдөө, Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамсыз ратификациялоо жана укуктук негиз жок болсо дагы Конституциялык сотто бекитип берүү иштери боюнча дагы кылмыш ишин ачуу, кыянаттыкты уланткандарды жоопко тартуу.
3. 2017-жылдагы Центерра менен жаңы келишимдерге кол коюу менен мурдагы кыянаттыкты андан ары тереңдетүү, мөңгүлөрдү эркин жок кылууга жол ачкан мыйзамды кабыл алуу боюнча дагы кылмыш иши ачылышы зарыл. Ошондой эле мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам жокко чыгарылып, анын демилгечилери, ошол мыйзамды кабыл алып жана ишке киришкен мамлекеттик чиновниктер дагы сот жообуна тартылганы туура.
Мына ушул 3 маселе чечилмейин жакында райондук соттун өкүмү менен "Кумтөр" боюнча алынуучу акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө ойлонуунун да зарылчылыгы жок. Анткени ал жакта ар бир тонна топурак мөңгүнүн үстүнө биздин Өкмөттүн уруксааты менен төгүлгөн. Мөңгүлөр биздин жардам менен жок кылынган. Тилекке каршы бул ачуу чындык", - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg