www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан 36 кыргызстандыктын арасында Акжол Арыпбай уулу да бар. Ал быйыл 25 жашка толгон, Баткен районунун Кара-Бак айылында жашачу. 29-апрелде айылдаштары менен "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барып окко учкан.
Акжолдун артында туяк калган жок, дагы бир аз иштеп, үйүн оңдоп алып анан үйлөнөм деп жүргөн. Эгер кандуу кагылышуу болбогондо ал 2-май күнү атасына куран окутуп, эртеси улгайган апасынын ден-соолугун чыңдоо үчүн ооруканага жаткырмак.
Маркумдун атасынын агасы Шарип Сүйүнов инисинин сөөгүн бир күндөн кийин табышканын айтат.
"Баткендеги өлүкканага барсак 18 адамдын сөөгү келди. Өлүктөрдү тизип койгон экен, ошол жерден тааныдык. Медиктер бети-башын тазалап берди, алып келип жерге бердик. Жума күнү биздин айылдан төртөөнү бир узаттык, мечитте жаназасы окулду. Эртеси дагы бир жигиттин сөөгү келди. Негизи бейшемби күнү бизде мал базар болот. "Головнойдогу" жаңжал боюнча телефондон кабар беришип, "жардамга келгиле" дешсе базардан ары эле кетиптир. Барганда миномёт менен аткан окшойт. Мойнунан кан токтободу, ошол бойдон алып барып койдук", — деди Сүйүнов.
Баткен окуясында каза болгондор тууралуу маалыматты "Sputnik" басылмасы жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg