www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик органдар туруктуу иштеши керек. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев өкмөт жоюлуп министрлер кабинети болуп түзүлүшү жана анын түзүмү тууралуу «Биринчи радиого» курган маегинде билдири.
«Улам-улам эле өзгөртө бербей чыдашыбыз керек. Мамлекеттик бийлик, мамлекеттик органдар туруктуу болушу зарыл. Мунун кесепети экономикага тийип атат. Азыр экономика менен алек болгон адамдар аз», - деди Сариев.
Өлкөдө аткаруу бийлигинин түзүмү февраль айында өзгөртүлүп бийлик министрликтер менен ведомстволордун санын 48ден 16га чейин кыскартып, 12 министрлик, бир комитет калган.
Булак: NazarNews.kg