www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 11-декабрында ТЭЦти модернизациялоо үчүн кете турган 386 миллион долларлык «Кредиттик келишимди ратификациялоо» жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдоп берген. Ал келишимге Кенжебек Бокоев, Мыктыбек Абдылдаев, Курмантай Абдиев, Улукбек Кочкоров жалпысынан 7 гана депутат каршы чыккан. Мындай пикирин Кенжебек Бокоев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Ал эми ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, келишимге долбоор иштелип жаткан мезгилде үч киши гана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, долбоорго каршы болгондугун айтты.
Алар, мурдагы ТИМдин орун басары Аскар Бешимов, мурдагы өкмөттүн аппаратында иштеп жаткан Махамаджан Иминов жана мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев болгон.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-январында ТЭЦ жарылып, бийликтеги “уурулардын” бетин ачкан.
Төмөндө Кытайдын кызыкчылыгын көздөгөн эл өкүлдөрүнүн тизмеси:
Булак: NazarNews.kg