www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен Орусия, Боинг жана Эйрбаска атаандаш боло турчу чоң борттуу учак чыгаруу үчүн билгелешип ишкана курду.
«Шанхай Дэйли» гезитинин маалыматына караганда, Кытайдын мамлекеттик ишканасы Commercial Aircraft Co. (COMAC) менен Орусиянын United Aircraft Corp. компаниясы «China-Russia Commercial Aircraft Corporation Ltd.» деген аталышта бирикти.
Эки өлкө жарым-жарымдан өнөктөш болгон ишкана 280 орундуу, 12 миң километр аралыкка уча ала турган чоң борттуу учак чыгарат.
Долбоорго 13-20 миллиард доллар сарптала турганы баса белгиленсе, биргелешип чыгарыла турган учакка «929» деген ат берилет.
Булак: "trt.net.tr"