www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коронавирустун жайылышы токтоду. Бул тууралуу саламатыкты сактоо маселелери боюнча мамлекетти комитеттин расмий өкүлү Ми Фэнге шилтеме берип, РИА Новости билдирди.

“28-мартка карата жуккан инфекцянын тастыкталган учурларынын саны 3 миңден аз”,-деп Ми Фэн брифинг учурунда билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда COVID-19 инфекциясы башталгандан бери 82 миң адам жуктурган. 75,4 бейтап айыккан жана 3,3 миң адам каза болгон.

Эске сала кетсек, коронавирус инфекциясы 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан чыккан. Кийин бүткүл дүйнө жүзүнө тарап, 200гө жакын мамлекетке жайылган. Учурда дүйнө жүзү аталган вирус менен күрөшүп жатат. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

COVID-19 инфекциясынын негизги белгилери-кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, дене табынын көтөрүлүшү.

Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 677,6 миң адам ооруп, 31,7 миң каза болуп, 146,2 миң айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости