www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы араздашуу улантылып жаткан бул күндөрдө Кытай жарандарын эскертти.

Түштүк Корея медиасынын өкмөткө жакын булактарга таянып берген кабарына караганда Кытай Түндүк Кореяда жашаган жарандарын өлкөдөн чыгуу боюнча  эскертти.

Кытай элчилигинин интернет баракчасында бул тууралуу эскертүүгө орун берилбестен, элчилик бул кабарлар тууралуу жооп бербөөнү чечти.

Түндүк Корея өткөн күндөрдө Корея жарым аралында машыгууга катышкан АКШ реактивдеринин аймакта учушунан кийин АКШны аймакты атомдук согуштун босогосуна алып келүү менен күнөөлөгөн. Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды күткөн АКШ саясатына каршы атомдук программанын эң жогорку  деңгээлде ылдамдатылары билдирилген.

Бир тараптан Түштүк Кореянын коргоо министрлигинин катчысы Мун Гюн Санг талкууга жол ачкан Сеонгжу шаарына 26 -  апрелде курула баштаган АКШнын бийик аймактарда абадан коргонуу системасынын операциялык экендигин билдирди.

АКШ башкаруусунун акыркы мезгилде Түндүк Кореяны атомдук демилгелерден баш тарттыруу максатында эл аралык коомдун колдоосу менен өлкөдөгү экономикалык жана дипломатиялык кысымды арттыруу багытында стратегиясы бар.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости