www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жана дагы башка санкцияларды жойду. Бул тууралуу Известия басылмасы Xinhua агенттигине таянып кабарлады.

"Социалдык камсыздоо үчүн төлөмдөрдү жана башка чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Социалдык камсыздоо боюнча төгүлүүчү төлөмдү кайра карап чыккандан кийин ал жоюлду жана тиешелүү айып пул боюнча жобо да жокко чыкты", — деп айтылган маалыматта.

31-майда Кытайдын бийлиги жарандарына үчүнчү балалуу болууга уруксат берүү чечимин кабыл алганы кабарланган. Бул өлкөнүн картайып бара жаткан калкынын курамында жаштардын санын көбөйтүү үчүн жасалган.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин жарыяланган чечиминде, 2025-жылы өкмөттүн балдардын төрөлүүсүнө түрткү берген социалдык атайын системаны иштеп чыга турганы кабарланды.

1979-2015-жылдар арасында Кытайда катаал демографиялык саясат жүргүзүлгөн. Адам санынын көбөйгөнүн өлкөнүн жер, суу жана энергетикалык ресурстарды көтөрө албай калат дешкен. Кытай өз жарандарына бирден ашык балалуу болууга уруксат берген эмес. Катаал мыйзам боюнча, эгиз же бир нече түйүлдүк болуп, бир нече бала төрөгөн энелерге тийишкен эмес.

"Ал экинчи балалуу болууга тыюу салган тартипти бузгандарды мажбурлап аборт жасаттырышкан. 2016-жылдан тарта Кытай "бир үй-бүлө – бир бала" деп аталган саясаттан толук баш тарткан", — деп жазылган маалыматта.

Кытай 2015-жылдан тарта өзгөртүүлөрдү киргизип, жарандарына эки балалуу болуу бактысын тартуулаган чечимдерди кабыл ала баштаган. Бирок буга карабай өлкөдө төрөттүн саны өскөн эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости