www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда б.з.ч 145-66 миллион жылдардын аралыгында жашаганы божомолдонгон крокодилдин сөөгү менен динозаврга таандык 6 башка сөөк калдыгы табылды.
«Синхуа» агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Йенжи шаарынын Лонгшан кыштагында май айынан бери жүргүзүлүп жаткан казуу иштеринде көптөгөн сөөк калдыктары чыгарылды.
Археологдор б.з.ч 145-66 миллион жылдардын аралыгында крокодилдер менен динозаврлардын чогуу жашаганын белгилеп, казуу иштеринде дагы көп сөөктүн түрүнө кездешүүнү күтүп жаткандарын билдиришти.
Кытайда бир канча күн мурда да Сычуань провинциясында көптөгөн айга созулган казуулардын негизинде 800 жылдан бери дайынсыз болгон Фуган храмы табылган болчу. Ошондой эле археологдор б.з.ч 1600-285 жылдардын аралыгында өкүм сүргөн Ко жана Шан династияларына таандык 80 байыркы мүрзө, бир миңден ашуун чопо таблеткалар жана 500гө жакын айкелди жарыкка чыгарышкан болчу.
Булак: "trt.net.tr"