www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1368 – 1644 – жылдардын арасында өкүмдүк кылган Минг династиясына таандык экендиги болжолдолгон аял мумиясында абдан маанилүү символдор бар.

Териси, чачтары, жүзү ал түгүл кирпиктери да абдан жакшы сакталган. Боюу 1 метр 50 сантиметр узундуктагы аял табыттын ичинде күрөң түстөгү бир суюктукка салынган.

700 жылдык мумиянын бармагындагы шакек да көңүлдөрдү бурууда. Салттык династия кийимин кийген аялдын табытында сөөктөр, керамикалар, эски жазуулар жана башка калдыктар да табылды. Аймакта 1979 – 2008 -  жылдардын арасында беш мумия дагы табылган.

Тайчоу музейинин директору Ван Вэйдин мумиянын кийимдеринин жибектен жасалгандыгын, абдан аз пахта колдонулгандыгын белгиледи.  Жалпысынан жибек менен пахтанын сакталышынын  кыйын экендигин белгилеген Вэй бул мумиялама техникасынын абдан маанилүү жаназаларда колдонулгандыгын айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости