www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда абанын булганышы

Кытайда январь  -  апрель мезгилинде абанын булганышы коркунучтуу өлчөмгө жетти. Кытайдын экологияны коргоо минисртлиги 1 -  январь, 30 -  апрель күндөрүнүн арасында 74 шаарда абанын булганышы  жана күнөстүү күн санын чагылдырган абанын сапаттуулугу тууралуу отчетун жарыялады.

Отчетко караганда  борбор шаар Пекин да болуу менен өлкөнүн түндүгүндөгү 13 шаарда жылдын алгачкы 4 айында абанын булганышы өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 19,7 пайызга артты жана абанын булганышына себеп болгон зыяндуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли PM 2,5 85 пайызга жогорулады.

Бул катнаш Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зыяндуу каалга катары кабыл алган 25 пайыздын үч эсесин ашууда. Өлкөдө акыркы жылдарда арткан абанын булганышынан улам турмушка ашырылган чаралардын негизинде абаны текшерүү топтору курулду. Булганууга себеп болгон фирмаларга берилген жазалар арттырылып, булгануу процессине байланыштуу шаарларда курулуш иштери токтотулду.

Кытай өзгөчө 2014 – жылдан бери экологиялык жана абанын булганышы менен күрөшүүдө.

Ылдам өнүгүү жана өнөр жайлашуунун таасири Кытайдагы чоң шаарлардын көпчүлүгү дүйнөнүн эң көп булганган шаарларынын арасында орун алууда.

1 миллиард 370 миллионго жакын калкы менен дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсү Кытайда жыл сайын 1 миллион 600 миң киши абанын булганышына караштуу оорулардан каза болууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости