www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө ачылды. Анын узундугу 526 метрди түзөт. Өтмөк дарыя деңгээлинен 201 метр бийиктикте орун алган. Ал эми айнектин калыңдыгы 4,5 сантиметр. Бир эле убакытта көпүрө аркылуу 500дөн ашык адам өтпөшү керек.
Көпүрө эки кызыл мунараны бириктирип, аларга темир жана жоон трос менен бекитилген. Бул өтмөктү Кытай бийлиги Гиннес рекорддор китебине киргизди.
Белгилей кетсек буга чейин дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө да адл ушул кытайдын Хэбэй провинциасында курулуп анын узундугу 448 м болгон. Аталган көпүрө 2017-жылы ачылган болчу.
Булак: NazarNews.kg