www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда электр энергия кризиси көптөгөн завод-фабрикалардын ишин үзгүлтүккө учуратып жатат. Мындан улам Кытайдан товар келбей, баалар өсүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу The Times гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Кытайдагы 20 провинцияда көмүрдүн жетишсиздигинен улам электр энергиясынын таңкыстыгы жаралды. Дагы 16 провинцияда электр кубатын колдонууга чектөө киргизилди. Буга байланыштуу 150 миң компания эки жумалык иш тартибине өтсө, кээ бирлери токтоп калды. Ишканалардын көпчүлүк ээлеринин пикиринде, мындай чектөөлөр бир нече айга созулушу мүмкүн.

Өлкө бийлиги биринчи кезекте жумушу маанилүү деген ишканаларды жана кыш мезгилине байланыштуу турак жайларды электр энергиясы менен камсыздап жатат.

Гонконгдогу Robert Walters рекрутинг компаниясынын адиси Жон Мьюлэлинин басылмага билдиргенине караганда, учурда товар өндүрүүгө мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп убакыт кетип жатат.

"Электр энергиясынын жетпей жатканынын кесепетин Кытайдын түндүк тарабынан байкаса болот. Анда болот сыяктуу сырьёлор менен материалдарды чыгарган заводдор кыйынчылыкка кептелди. Мунун айынан аталган материалдарга муктаж болгон башка ишканалардын даяр товар өндүрүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жатат", — деди ал.

ING серепчисинин айтымында, 2022-жылы товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурай турганына байланыштуу популярдуу товарлардын көбү кымбаттайт.

Пекинден оюнчук сатып алган The Entertainer компаниясынын жетекчиси Гэри Гранттын айтымында, мурдагы тартип боюнча алганда азыр өндүрүлө баштаган товар февраль айында сатыкка чыгып калса, эми каатчылыктан соң дагы 60-90 күнгө узарып, жай мезгилинде популярдуу товарлардын тартыштыгы жаралышы толук мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости