www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Анын жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Үчүнчү окууда:

  • “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

  • “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы №4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Баалоо иши жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости