www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан көчүп келип казак жарандыгын алган ондогон адам Кытайдагы туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып тургандыктарын билдиришти.

Алар бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, Синьцзяндагы абалга таасир этүү өтүнүчү менен дүйнө лидерлерине кайрылуу жолдошту.

Буга чейин алар атайын маалымат жыйынын өткөрүп, Казакстан бийлиги менен эл аралык укук коргоо уюмдарын абалга кийлигишүүгө чакырышкан. Бирок жыйын прокуратура кызматкерлери «тынч жолугушууларды өткөрүү тартиптерин» түшүндүрүп, аларга жазуу жүзүндө эскертүү берип кеткенден кийин токтотулган.

Бул Кытайдагы туугандары жоголуп, «саясий жаткан кайра тарбиялоо» жайларында кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирип чыккан адамдардын алгачкы тобу эмес. Синьцзянда этникалык азчылык өкүлдөрү жапырт кармалып, «кайра тарбиялоо» лагерлерине жеткирилип жатканы жөнүндө эл аралык укук коргоо уюмдары менен дүйнөлүк ЖМКлар дагы билдиришкен. Кытайдагы этникалык казактар кысымга алынып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден тарта айтыла баштаган.

Быйыл майда Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Кытайда жарандыктан чыгуу тариптерин бузган деген негизде кармалган этникалык казактарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Өткөн айда министр Синьцзяндын бийлиги 675 этникалык казактын Кытайдан чыгып Казакстанга баруусуна киргизилген чектөөлөрдү алуу маселесин карап жатканын айткан.

Булак: "centralasian"

Последние новости