www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды

Кытайдын Цзянсу провинциясында H10N3 куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Мамлекеттик комитетине таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул илдет менен 41 жаштагы эркек киши сыркоологон. 23-апрелде ал кишинин дене табы көтөрүлүп, башка симптомдор пайда болгон. 28-апрелде анын абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.

Ошол эле күнү Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору тарабынан бейтаптан алынган анализ менен үлгүлөрү салыштырылып, андан H10N3 вирусу аныкталган.

Аталган комитеттин билдирүүсүндө толук анализ штамм канаттуулардан келип чыкканын, анын жугуштуу илдет караты адамдар үчүн кооптуу эмес экендиги айтылат.

Ал эми оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгондор дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынып, алардан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес. Бейтаптын абалы учурда туруктуу деп бааланып, ооруканадан чыкса да болору айтылды.

Ошондой эле, адамдардын бири-бирине H10N3 жугуштуу оорусун жуктурган учурлар буга чейин каттала электиги, ал эми канаттуулар арасында бул вирус патогени аз деп эсептелери белгиленди.

Эксперттердин пикиринде вирустун куштан адамга жуккан учуру кокустук болгон, бул көрүнүштүн масштабдуу түрдө жайылуу коркунучу дээрлик жокко эсе. Адистер оорудан өлгөн канаттуулардан алыс болууну, мүмкүн болсо сыркоологон тирүү кушка жакындабоону, тамак-аштын гигиенасына көңүл буруп, коргоо чараларын көрүүнү сунушташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости