www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылдын 4-февраль күнү  Кыргызстандык Светлана Кулбаева Кытайда атылып өлтүрүлгөн эле.

Жок, кылмышкерлер тарабынан эмес, Кытай бийлиги тарабынан. Себеби ал эки өлкө ортосундагы наркотик менен шугулданган кылмыштык топко кирип, акырында ал колго түшүрүлгөн. Кыргыз бийлиги аны экстрадициялоо боюнча иш аракеттерди көргөн. Бирок ал жыйынтык берген эмес.

Мына эми ушундай эле баңги затына байланышкан дагы бир иш каралып жатат. Казакстандык Акжаркын Турлыбай мындан беш жыл мурун кармалып, өмүрүнүн “акырына чейин” - абакта калсын деген өкүм чыккан. Эми бул ишке байланышкан соттук процесс кайра каралганы турат.

Бул иш боюнча Казакстандын президенти Касым Жоомар Токоев өзү Кытай бийлигинен иш боюнча акыйкат өкүм чыгарып берүүсүн өтүндү. Учурда Акжаркынды Казакстанга экстродициялоо маселеси дагы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости