www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миңдеген жылдык тарыхы менен БУУнун Билим берүү, билим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесинде орун алган Арслантепе хөйүгүндөгү казууларда кеч халколиттик мезгилге таандык бир турак жайда 5700 жылга жакын экендиги болжолдолгон баланын скелети табылды.

Кеч халколиттик  мезгилден темир дооруна чейин өткөн тарыхый процесстин табылгалары табылган Арслантепе хэттылардан Рим жана Византияга чейин көптөгөн цивилизациянын издерин ичине камтыган.

Итлиядан Рим Ла  Сапиенца университети тарабынан 1961 -  жылдан бери казылган жана 2014 -  жылы ЮНЕСКО дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесине алынган Арслантепе хөйүгүндөгү казуу иштеринде бул сезондо маанилүү табылгалар чыкты.

Казууну жүргүзгөн топ хөйүктүн батыш бөлүгүндөгү калдыктарды ортого чыгарууга аракет кылып, башка бир табылга менен кездешти. Казуу иштеринин төрагасы Рим Ла Сапиенца университетинин мугалими, профессор доктор  Марсель Франжипане, Хажеттепе университетинин антропология бөлүмүнөн профессор доктор Йылмаз Селим Эрдал жана тобунун кенен иликтөөсүнөн кийин табылганын 6 – 7 жаштагы бир балага таандык скелет экендиги белгиленди. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости