www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда дагы бир шаар коронавируска байланыштуу жаңы чараларды көрө баштады. Өлкөнүн түштүгүндөгү Чжухай шаарында коронавирустун “омикрон” штаммы жети адамда аныкталганы белгилүү болгондон кийин коомдук автобус кызматы ишин убактылуу токтотту.
Шаар тургундарын жапырт текшерүү коңшу калаада “омикрон” катталгандыктан 14-январда башталган.
Калкы дээрлик 2,5 миллион адам болгон Чжухай кумарканалардын борбору катары белгилүү Макао менен чектешет.
Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 324 миллиондон, каза болгондор 5 миллиондон ашты. Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу «омикрон» штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg