www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы парламентке кимдер келишти? Гүлкан Молдобекова сыяктуу "мамочкалар". Анын күйөөсү Асанакуновду Кыргызстандын ошол кездеги “биринчи леди” Раиса Атамбаева "крышевать" этип турганы ачыктан ачык болуп калды. Асанакуновдун кылмыш иштерин жаптырган, андан кийин аны Профсоюздар федерациясынын төрагасы кылууга жетишкен Раиса Атамбаева болгон. Анткени анын “подружкасы” Асанакуновдун аялы, депутат Г.Молдобекова экенин эл билет. Айтмакчы, бул бардык кылмыш-жаза иштер жана Атамбаев аялы менен кийлигишкени туралуу мурдагы макаламда жазгам элем. Ошентсе дагы, "бүкүрдү бейит түздөйт" деп бекеринен айтылган эмес экен. Асанакунов М.А. профсоюздар федерациясына жумушка кирген биринчи күндөн тартып эле эски жоруктарын жасаганга өттү, тактап айтканда, профсоюздар менчигине суук колун сала баштады.

2011-жылдан 2013-жылдын аягына чейин  "Кумтөр" кенинин төлөмдөрүнөн түзүлгөн "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун" тоноп келген, профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы М.А.Асанакуновдун кылмыштуу иштери жөнүндө эл оозунда айтылып келет. Аймакты социалдык өнүктүрүүгө багытталган акчаларды Атамбаевдин "сүймөнчүгү" жеке баюусу үчүн сарптагандыгы жөнүндө бир нече курдай жазылган. Ал учурда Асанакунов түрмөдөн ошол кездеги КРнын Президенти А.Ш.Атамбаев калкалагандыгы үчүн кутулган эле.

Коррупциялык схеманы ойлоп таап, аларды керектүү адамдарга, тагыраагы, өзүнө бөлүп-жарып сатып түгөтүү максатында профсоюздун саламаттык сактоо мекемелерин кудуретсиздикке жеткире баштады. Мисалы, азыркы учурда атайын кудуретсиздикке «Кыргызстан», «Жыргалаң», «Жети-Өгүз» санаторийлери, «Чолпон-Ата» эс алуу үйү ж.б. мекемелерин жеткирген. Анын алкымы ушунчалык чоң, ал бардыгын сатып түгөтүп, профсоюздардын бүтүндөй мүлкүн өзүнө менчиктеп алганга башынан эле даяр. Анткени Атамбаеванын жардамы менен коюлган максатына, профсоюздун жетекчилигине келген. 

Бирок, Асанакуновдун кылмыштуу пландары профсоюз активине белгилүү болуп, ачыкка чыкканда ПФКнын мүчөлөрү аны төрага кызматынан 2020-жылдын 5-февралында бошотушкан. Анан калса Асанакунов жумушка орношкондо расмий документтерин (диплом, эмгек китепчесин) жасалмалгандыгы аныкталган. Бул тергөө органдары жана биринчи жана экинчи инстанциялардагы соттор тарабынан далилденген.

Акыйкаттык орногондой болгон, бирок, Асанакунов М.А. КРнын ошол кездеги Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы болгон аялы Г.С.Молдобекованын жардамы менен 2020-жылдын 5-7-октябрындагы өлкөдөгү бийликтин алмашышы жана жаңы толкундоолордон кийинки баш-аламандыктарды пайдаланып, "чоң жолдон келген бандит" сыяктуу «гоп-стопко» чыкты, тагыраагы, ПФКнын басып алууну уюштурду.

Жыйынтыгында профсоюздардын имараты мурдагы төрага баскынчы М.А.Асанакунов тарабынан 2020-жылдын 7-декабрында ОБОН деп аталган аялдардын тобу жана ар кандай ыраңдагы каракчылар менен бирге профсоюз кызматкерлерин курчоого алып, күч колдонуу менен ал жактагы көптөгөн профсоюз лидерлерин көчөгө кубалап, баскынчылык кылды. Профсоюз кызматкерлеринин ПФКнин имаратынан чыгып кеткиле - деген талабына М.А.Асанакунов жана анын орун басары Р. Арыков жана К.Закиров баштаган жүзү кара топ аларды жумуш ордунда ур-токмокко алышкан, бир тобу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан, бул соттук-медициналык экспертиза тарабынан тастыкталган.

Профсоюздардын республикалык бирикмесинин төрагасы Р.К.Кадралиевдин эки кабыргасын сындырышкан, маданият кызматкерлеринин РКнин төрайымы А.Б.Кыдырбаеваны күч колдонуу менен барымтага алып, 8 сааттан ашык кармашкан, аны милициянын жардамы менен гана бошотуп алуу мүмкүн болду. Ал өзүн жоготуп койду. Жүрөгү кармап, тез жардам кызматы чакырылып, алып кетти. Курулушчулар профсоюзунун төрагасы ж.б. денесинен жаракат алышып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул көрсөтүлгөн зомбулуктун бардыгы Кылмыштардын жана жазалардын бирдиктүү реестрине (ЕРПП) катталган.   

Профсоюз лидерлери М.А.Асанакунов, Р.Арыков, К.Закиров ж.б. алардын алакалаштары тарабынан жасалган кылмыш аракеттеринин фактылары боюнча профсоюз лидерлери прокуратура органдарына жана ИИМге бир нече жолу кайрылышканына карабастан, бөлөк бирөөнүн менчигине рейдерлик кылуу боюнча жана орун алган профсоюз кызматкерлерин жапайычылык менен уруп-сабоо жана зомбулук көрсөтүү боюнча эч кандай конкреттүү чаралар көрүлгөн жок. Анын үстүнө алар М.А.Асанакунов менен анын жан-жөкөрлөрүн өз канатына калкалашат, баарынан мурда алардын талаптарын ошолордун пайдасына аткарышат, ал эми профсоюзчулардын арыздарын чечилбеген бойдон калтырышат же кароодон баш тартышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости