www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балким Назарбаев элди тоноп миллиардер болгон Жапаров Акылбекти Жапаров Садырдын ордун ала турган келечектеги президент катары көргөндүр. Анткени Токаев менен Назарбаевдин ортосунда тиреш мурун эле башталганы белгилүү. Жапаров Акылбек Назарбаев тарапка жылт койгон.Токаев-Назарбаев тиреши Жээнбеков-Атамбаев тирешиндей болбойт, себеби... Казакстанды Динмухаммед Кунаев отуз жылдай жетектеген.ал жер түбүнөн Назарбаевди таап чыгып, аны көтөрмөлөп келген. Эмне болду? Назарбаев президент болор менен эң биринчи Кунаевге асылып кор болуп жүрүп өттү. Бүгүн Токаев Назарбаев президент болуп турганда миллиардер болгондор эл үчүн байлыктарынан кайрылыш керек деп жатат. Учурда Назарбаевдин өз ишенимдүү кишилери бийликтен кете баштады. Сыртынан караганда Жээнбеков-Атамбаев тирешине окшоп баратат. Бирок бул экөөнүн тиреши Түндүк-Түштүк тирешине айланган, ал эми Назарбаев да, Токаев да ал эмес Кунаев да Улуу жүздөн. Азырынча Путин турганда Токаевди тизгиндеп турат, Назарбаевде бийликтен буту жыдыса да байлык турат. Ошондуктан, жакында Акылбек Жапаров Нур-Султанга иш сапары менен барганда эң биринчи Назарбаевке барып, аны майрамы менен кутутктап жиберген.
Балким Казакстанда кыргыз сомдорунун жүргөнү ушуга байланыштуудур. Бир гана Казакстанда болуп жаткан кырдаалдан Назарбаевдин доору бүтүп, Токаев жеңишке жетишти десе болот, ал эми Жапаров дале кабминди жетектейт. Назарбаев-Токаев тандеминин таш-талканы чыгып Назарбаевдин кадыры биротоло тебеленди. Өзүнө мураскор катары алгач Назарбаев кошоматты жакшы жасайт деп Масимовду тандаган, бирок казактар уйгурду мамлекет башына алып келбесине көзү жеткен соң, аны КНБ же бизче УКМКга жетекчи кылат. Токаевди мураскор кылаар алдында, ал дипломат катары бир топ жыл сыртта жүрүп командасы жок экенине басым жасаган. Ашына Өзбекстанда Каримов күтүлбөгөн жерден көз жумган соң анын кызы Гүлнара камалса, Лола бардык мүлктөрүнөн кол жууган. Ушуларга акыл калчап, Назарбаев көзү тирүүсүндө кыздарына бийликти өткөрүү үчүн Токаевди «трамплин» кылган. Жашыруун бийлик анын колунда калган. Биринчи президенттик статусу ага кепил болуп берсе, Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгы андан кийинки президенттин колу-бутун тушап салган. Масимовдун КНБнын башында турушу Токаевди такалап турган. Казакстанда болуп жаткан курч кырдаал кош бийликтин ташын-талкан кылып жиберди. Алгач өкмөт башында турган Аскар Мамин менен назарбаевдик доордун көзүрлөрү ордуларынан жылмышты. Анын отставкасын көптөн бери талап кылып келатышкан, бирок Назарбаевдин кадыр-баркы менен жүргөн.
5-январь күнү Назарбаевке каршы катуу сокку урулду, ал таянып келаткан Карим Масимов бошотулуп, 8-январда камакка алынды. Аны менен кошо КНБны өзү билип, өзү тейлеген Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш кызматынан кол жууду. Анын артынан Назарбаевдин ишенген адамдары кызматтарынан алынып, Назарбаев үй-бүлөсү менен сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Албетте, Токаевди бул жерде башкы уюштуруучу катары кароого болбойт. Ал учурдан пайдаланып колу-бутун тушап турган назарбаевдик чынжырдан кутулду. Акыркы мезгилде болуп жаткан саясий хаос назарбаевдик замандан биротоло кутултуп, Токаевдин заманы башталды.
Кырдаал 2011-жылы назарбаевдик бийлик тарабынан атылган Жаңы-Өзөн шаарында газдын баасын түшүрүү тууралуу талап менен башталды. Жаңы жылдан баштап бийлик жүргүзүп жаткан реформалардан улам баа эки эсе кымбаттап кеткен. Бааны өкмөт эмес, эркин рынок чечип калган. Газ – Казакстандын батышы үчүн өтө орчундуу тема болгон, себеби ал жакта авто унаалардын 90 пайызы жана үй чарбачылыгынын 70 пайызы газ колдонушат.
3-январда Жаңы-Өзөндөн башталган бул кырдаал соцтармактар аркылуу бүтүндөй өлкөгө тараган. 2019-жылы Кытайга каршы чыкканда да бүтүндөй мамлекетке тарап кеткен. Оор кырдаалдардын чыгышына негизги себеп акыркы мезгилде казак коомчулугу кымбаттоолордон улам алсырап бараткан. Официалдуу инфляция: 2020-жылы 7,5% болсо, 2021-жылы 8,9% жеткен. Азык-түлүк андан беш-бетер кымбаттаган.
Ички миграция борбору Нур-Султанда, экс-борбор Алматыда күчөгөн. Ошондуктан Алматы каршылык көрсөтүүнүн борборуна айланган. Алматыда жаштар, студенттер көп, алар Кыргызстанда алтынчы президенти менен жашап жатышат деп кыйкырып жүрүшөт. Президент Токаев Жаңы-Өзөндүктөрдүн оозун жапкыча Алматыда катуу каршылык көрсөтүү башталып кетти. Шаарда күч органдарына каршы чыгышып, мародерчулук күч алып кетти.
Андан соң интернетти кайра-кайра өчүрүшүп, бул кезде Алматыда курал дүкөндөрү тонолуп, супермаркеттер, банкоматтарга мародерчулук жүрүп, машиналар өрттөнүп, аскердик уралдар тартылып алынды. Митингчилер акимат, прокуратура, телеканалдарды жана башка тиешелүү жайдарды басып алышып, талкалап, өрттөп жиберишти. Алматынын аэропорту жа бир нече саат булардын колунда болду. Машинанын багаждарынан автоматтар таратылып, өлгөн кишилердин да саны артты.
Президент Токаевдин билдирүүсүндө радикалдар кошулуп алар сырттан каржыланып жатканын айтылат. Ошондуктан ал митингчилерге каршы ок атууну 7-январда буюрду.
Казакстандын бийлиги мындай башаламандыкты өз күчү менен баса албасын түшүнүп ЖККУ (ОДКБ) жардам сурап кайрылды. 6-январда ЖККУ макулдугун берди. Көп убакыт өтпөй ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кире баштаган. 13-январда ЖККУнун аскери чыга баштады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg