www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка караганда, Кытайдын Пекин шаарынан Кыргызстандын жана Казакстандын 211 жарандары Алматы аркылуу учуп келген. Алардын 171 казактар болсо, калганы кыргыздар болгон.
Маалыматта жазылгандай кыргыз жарандары Бишкекке жеткирилген.
Ал эми, Кытайда окуган кыргызстандык студенттерди Казакстандан алып келе жаткан алгачкы автобус "Ак-Жол" өткөрүү бекети аркылуу өлкө аймагына алып келгенин, Чек ара кызматынан билдиришти.
"Улан-кыздар тепловизор текшерүүсүнөн кийин чек ара көзөмөлүнөн өтүштү. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Эми алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин эрежесине ылайык, карантинден өтүү үчүн убактылуу пункттарга жеткирилет", — деп билдиришти.
Кыргыз студенттери кыргыз-кытай чек арасы жабылып, аба каттамдары токтотулгандыктан, мекенине кайтып келе албай Үрүмчү шаарында убактылуу жашап жатышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жардамы менен Ухань шаарындагы 19 кыргызстандык Бишкекке жеткирилген.
Эске салсак, Кытайдын Ухань шаарында жайылган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 60 миң 329 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 369 адам каза болду. Ал эми, ооруканадан 5 миң 995 адам дарыланып чыккан.
Булак: NazarNews.kg