www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 91 киши жуктуруп, ооруп жаткан үч бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ал эми айыгып чыккандардын саны бүгүн ооруп калгандарга караганда азыраак, тагыраагы, илдетти 61 гана киши жеңе алды.

Оору төмөнкү аймактардан чыкты:

  • Бишкек – 42;
  • Чүй облусу – 22;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу –2;
  • Баткен облусу – 4.

Пандемиядан бери коронавирусту 181 590 адам жуктурса, анын ичинен 175 953 киши айыгып чыккан. Бул жугуштуу дарт жалпы 2 679 адамдын өмүрүн алды.

Учурда стационарда 653, ал эми амбулатордук түрдө 782 адам дарыланып жатат.

Бир сутка ичинде 11 909 киши эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 5 402си биринчи дозаны, 6 507си экинчи дозаны алууга жетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости