www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-ноябрда Кытайда COVID-19 инфекциясынын 109 жаңы учуру аныкталды, анын 93ү жергиликтүү жарандардан. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Кытайда 16 учур башка өлкөлөрдөн келгендер, 93 учур жергиликтүү калктан аныкталган. Жергиликтүү инфекциянын көбү Россия менен чектеш өлкөнүн түндүгүндө Хэйлунцзян провинциясында катталган.

1-ноябрда Кытайда COVID-19 инфекциясынын 71 учуру аныкталды.

Жалпысынан Кытайда пандемия башталгандан бери оорунун 97 423 тастыкталган учуру аныкталып, 4 636 адам каза болду.

Буга чейин АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги (ODNI) SARS-CoV-2 коронавирусунун келип чыгышы тууралуу жашыруун жыйынтыктарды жарыялаган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости