www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түндүк-чыгышында коронавирустук инфекциянын жаңы толкунунан улам 108 миллион адам карантинге алынды. Бул тууралуу “Bloomberg” жазып чыкты.

Цзилинь жана Ляонин провинцияларынын шаарларында карантин киргизилген. Тактап айтканда, Цзилинь(ушундай эле провинциянын борбору) жана Шулань шаарларына да тыюу салынган.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавирустун жаңы толкунунун себебин билишпей жатышат. Бирок, буга Россиядан кайтып келген кытайлар себеп болгон деп болжолдонууда. Шулань шаарын камтыган Цзилинь провинциясы Россиянын Приморье аймагына чектешет.

“South China Morning Post” билдиргендей, Шулань 18-майда карантинге алынган. Ошол жерде коомдук транспорт токтоп, көчөгө жана шаарга чыгууга тыюу салынган. Шаардын алты кызматкери иштен алынды.

Кытайдын түндүк-чыгышында жаңы коронавирустун чыгышы эки жума мурун башталган. 18-майга карата Цилинь провинциясында, Ляонин провинциясында COVID-19 инфекциясынын 34 учуру аныкталды.

Эске салсак, Кытай коронавирус күчөгөн биринчи өлкө болгон. Бүгүнкү күнгө чейин, өлкөдө 84,000 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын 4645и көз жумган.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.org

Последние новости