www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат  жыйынын өткөрдү. Анда Үсөнбаев обсервациядагылар чыр чыгарганы үчүн эмес, алгоритмге ылайык үй карантинине жиберилгенин билдирди. 

Жыйында Үсөнбаевге "Чет өлкөдөн көптөгөн жарандарды алып келүү пландалууда. Алар дагы обсервациядан чыгаргыла десе, аларды дагы чыгарып жибереби?",-деген суроо берилди.

Жооп: "Биз министрликтин алгоритмине ылайык иш алып барабыз. Обсервацияда жаткандар талаптарды аткарышы керек. Соль-Илецктен келгендерге туура эмес маалыматтар жеткендиктен, чыр чыкты. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Белгилей кетсек, министрлик тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин гана обсервациядагы жарандарды чыгарат. Жарандар обсервациядан чыккандан кийин дагы үй карантиндик шартында болушат. Эгер талаптар бузулса чара көрүлөт", - деди министрдин орун басары.

Суроо: Обсервациялардан чыккандардын ден соолугу жакшы дегенге ишенсе болобу жана баары текшерүүдөн өтүшкөнбү?

Жооп: "Обсервациядагыларга лабораториялык изилдөө жасалып, кайрадан текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул обсервациянын талаптары. Анткени ушул ыкма менен вирустун жайылуусун алдын алабыз".

Эске салсак, кечээ, 18-майда кайталап алынган анализи терс жыйынтык көрсөткөн Соль-Илецктен келген Кыргыз Республикасынын жарандары үй карантинине жиберилген. Алар 7-майда мекенине кайтып, “Семетей” обсервациясына жайгаштырылган. Экинчи ирет ПЧР анализи алынгандан кийин 541 жарандын ичинен 421 жаранда жыйынтыгы коронавирустун жок экенин көрсөткөн.
Эксперттик комиссиянын чечими күтпөстөн, обсервацияда жайгашкан адамдар чыдамсыздык көрсөтүп жатышканын Үсөнбаев маалымдаган. Белгилей кетсек, экинчи ирет алынган ПЧР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды.
Кайтып келген 541 адамдын ичинде 101 адам стационарларга жаткырылган. Алардын 58и – Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, 43ү – Улуттук фтициатрия борборунда. Учурда обсервациядагы абал туруктуу, медиктер штаттык тартипте иштеп жатат. Бүгүн-эртең бардык жарандар жашаган жерине атайын уюштурулган унаа менен жеткирилээри айтылган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости