www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 18-майдын кечинде жааган нөшөр жаандан кийин айрым жерлерди суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда жаан суусу үч турак үйдүн короосуна жана бир үйдүн жертөлөсүнө, Ленин районунда бир үйдүн короосуна кирген.

"Чүй облусунун Аламүдүн районунда арыктан суу ашып, Пригородное айылындагы бир үйдүн короосун каптап кеткен.

Куткаруучулар жерине барып, тазалоо жана суунун нугун буруу иштерин жүргүзүшкөн. Адамдар жабыркаган жок", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ 19-20-майда да республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскертүүдө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости