www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын "Санарип Жибек Жолу" гиганттык долбооруна Кыргызстанды улуттук коопсуздугун эске албай туруп кириптер кылып берген мурунку бийлик жооп бериши керек. Эксперт Марс Сариевдин айтымында, “Кытай транспорттук эле эмес, баарын тыкыр көзөмөлүнө алуу үчүн маалыматтык коридорлорду да курууда, чиновниктер муну билиши керек эле, бирок, доллардык инвестициялар үчүн алар буга көз жумуп коюшкан”.

Анткени, аларга азыр экономиканы турукташтыруу, экономикалык бум жаратышы керек. А андан кийин эмне болоору кызыктырбайт. Эксперт өлкө жетекчилеринин мындай мамилесин мамлекеттик эмес позиция катары баалап, “мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратуучу” кадам деп эсептейт.

Ошондуктан, “Таза коом” сыяктуу өлкөнү бүтүндөй санариптештирүүчү долбоорлордун ордунан жылбай жатышы да кокусунан эмес.

Эске салсак, 2017-жылдын май айында ошол кездеги президент А.Атамбаев "Бир алкак - бир жол" концепциясынын максаты Кыргызстанда буга чейин жарыяланган "Таза коом" долбооруна үндөш экенин белгилеген.

Ал “Кыргызстан "Бир алкак - бир жол" концепциясын "Таза коом" улуттук программасы менен бирге ишке ашырууга даярдыгын билдирет. Анын алгачкы кадамы катары төмөнкү долбоорду биргеликте ишке ашырууну көздөйбүз. Ал Кытайдан Европага өтчү оптика-волокондук интернет түйүнүн кеңейтүү. Эгер бул түйүн Кыргызстан аркылуу өтсө маалымат алмашуунун ылдамдыгы он эселеп жогорулайт” деп белгилеген болчу.

Андан кийин ШКУнун Сочиде өткөн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков да бул демилгени кайра көтөргөн.

Эксперт менен маектин толук тексти бул жерде.http://www.nazarnews.kg/news/24462

Булак: NazarNews.kg

Последние новости