www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң таасирдүү держевалардын бири Улуу Британиянын “The Sun” басылмасы атаандаш держава Кытайды, сындаган кенен макаланы жарыялады. Ал «Кытай чакан мамлекеттерге эч качан кайтарып бере албаган карыз берип колонияга айлантууда» деп аталат.
Макалага таянсак, Кытай начар өнүккөн өлкөлөрдө өзүнүн активдерин жана аскердик таасирин күчөтүш үчүн ири көлөмдегү насыяларды берүүдө. Мындай мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан, Пакисган, Шри-Ланка, Жибути жана башкалар бар. «Кытай карыздан кутула албаган өлкөлөргө кызыктыра турган насыяларды сунуштайт, андан соң бул өлкөлөрдө экономикалык көйгөйлөр башталганда, өзүнө керектүү шарттарды талап кылат.
Мисалы, Кытайга 1 миллиард доллардан ашуун карызы бар Шри-Ланка өзүнүн аймагындагы портту кытайлык компанияларга 99 жылга берүүгө мажбур болгон» деп мисал келтирди « The Sun ».
Булак: “Азия Ньюс”