www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Махабат Мавлянова кытайлыктар үчүн визасыз режимди киргизүү сунушун парламентте айтты:
- Россия менен Казакстан 15 жылдан бери тобу менен келген кытай туристтери үчүн визасыз режимди иштетип келет. Кытай биздин жаныбызда. 30-40 турист тобу менен келсе, аны туристтик компания Кыргызстандан кайта чыгып кетүүсүнүн милдетин алып, кыдыртып, кайра узатып коюшат.
Бул жерде компаниянын жоопкерчилиги абдан жогору. Биз эмне үчүн потенциалды колдонбойбуз?
Мигарция кызматы, УКМК алардын баарын бул жакта калып кала турчу жаран катары көрүшөт экен. Биз башка жагын да карашыбыз керек. Кыргызстанга келген туристтердин кайта чыгып кетишин камсыз кылсак, курч көйгөй чечмекпиз. Бир жылда 5-6 миллион туристти тейлеп канчалаган киши жумуш менен камсыз болмок", -дейт депутат.
Дүйнө жүзүн кытайлар басып атса, кошумча аларды биз визасыз киргизсек, анда кытайлар бизди жөн эле каптап кетет го...
Каптап кирген кытайларды сүрдүрүп чыгара албай накта шорубуз ошондо кайнабайбы урматтуу депутат айым! Казактар кытайларды киргизип алганы менен кытайлар казак кыздарынын "шорун шорподой кайнатып" койгонун ЖМКлардан окусаңыз керек.
Эл өкүлдөрү бир сунуш айтып жатканда ар кимдин кызыкчылыгын коргобой, кыргыздын келечегин ойлосо гана!
Булак: NazarNews.kg