www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык эпидемиолог Чжун Наньшань Ухань бийлиги коронавирустун жайылуу масштабын жашырганын айтып чыкты. Анын ачык маеги дүйнөлүк басылмалардын бирине жарыяланган.

Анын айтымында, ухандык дарыгерлер ага абал расмий отчёттордо айтылып жаткан маалыматтарга караганда кыйла эле начар экенин айтышкан.

Анда Ухан шаарынын бийлиги алгач коронавирус инфекциясынын жайылуу масштабы тууралуу ачык маалымат берүүнү жашырган.

"Жергиликтүү бийлик коронавирус катталган маалда чындыкты жашырууга аракет кылган. Эң башында бийлик вирус тууралуу үн каткан эмес, менимче, ошол учурда илдетти жуктургандардын саны расмий жарыяланган сандан көп болгон", - деген ал.

Ухань шаарында 10 күн бою илдетти жуктургандардын саны такыр эле өзгөрүүсүз болуп турганы, ошол эле убакыт аралыгында Кытайдан тышкары аймактарда коронавирус илдети жайылып баштаганы эпидемиологдун шектенүүсүн жараткан. 18-январда Чжун Наньшань коронавирустун жайылып кетүүсүн изилдөө үчүн Уханга барганда жергиликтүү дарыгерлердин көбү абал начар экенин эскертишкен.

"Мен бийлик тарабынан кабарланган расмий маалыматтарга ишенген эмесмин, мындан улам алардан мага реалдуу сандарды берүүсүн суранып жаттым. Бирок алар менин өтүнүчүмө жооп берүүгө кызыкдар болгон жок", - деп айткан эпидемиолог.

Айрым маалыматтарга караганда, Чжун Наньшань коронавирус инфекциясы адамдан адамга жугаарын биринчилерден болуп 20-январда Кытайдын борбордук телеканалынын (CCTV) эфири аркылуу айтып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости