www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада селден жабыркаган Хатлон облусундагы Хуромон районунун ондогон тургуну бийликтен үйлөрүн калыбына келтирүүгө жардам берүүнү талап кылып, 17-майда Бохтар-Душанбе унаа жолун тосушту. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Ал эми азырынча бийлик бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, 14-май күнү кечинде Хуросон районундагы селден бир киши каза болуп, ондогон турак-үй зыянга учураган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси 10 үй толугу менен жарабай калганын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар келтирилген чыгым кыйла көп экенин билдиришүүдө.

Быйыл 21-мартта да Хуросон районун суу каптап, талаада иштеп жүргөн 59 жаштагы жергиликтүү тургун мерт болгон. 200дөн ашык үйдү жана короолорду суу каптаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости