www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-майда Энелер күнүнө карата мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев чоң энесинин жана өз апасы Бүажар Теңизбаеванын кенири чөйрөгө белгисиз сүрөттөрүн жарыялап, аларды майрамы менен куттуктаган:

“Бүгүн эң маанилүү майрам!

Ар бирибизди жарык дүйнөгө алып келген, багып өстүргөн энелерибиздин күнү!

Биринчи сүрөттө чоң энем. 11 жашыма чейин АПА деп, жапкан нанын жеп, насаат кебин угуп чоңойдум.

Экинчи сүрөттө жарык дүйнөгө алып келген апам. 11 жашымдан тарта колунда чоңойдум. Энелик мээриминин, чоңойгондогу шоктук кыялымдын бийик тоосу болду.

Ар бир аялзатты бүгүнкү Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым адамзаттын бактысына бар болуңуздар!

Майрамыңыздар менен!”, – деп жазат Сейтек Атамбаев.

Эске салсак, Алмаз Атамбаевдин биринчи аялы Бүажар Теңизбаева Арашан айылына каттарлаш турган Кой-Таш айылынан болот. Атамбаев биринчи аялынан Сеид, Сейтек деген уулдары жана Диана, Динара аттуу эгиз кыздары бар. Ал эми экинчи аялы Раиса Атамбаевадан Алия деген кызы жана Кадыр аттуу уулу бар. Атамбаевдин биринчи аялы публикадан алыс адам экени айтылууда.

Бүажар Теңизбаева коомчулукка ачык чыга бербеген, өз жумушу менен гана алек болгон адам катары мүнөздөлүп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости