www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык миллиардер Сесил Чао өзүнүн Гиги аттуу кызынын “лесбиянка” экенине карабай, күйөөгө берүүнү самап келет.

Ал буга чейин жалпы эркектерге, “Кимде ким кызымдын жүрөгүн багындырып, ага баш кошсо 65 млн доллар берем” деп, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу убада берген.

Жыйынтыгында, Гиги менен таанышуу үчүн 20миң жигит келип, алардын бирөөсү дагы кызга жаккан эмес. Андан соң, миллиардер күйөө бала болчу жигитке койгон баасын эки эсеге жогорулаткан.

Ал эми Гиги, “9 жылдан бери бирге жашаган өмүрлүк жарым, “аялым” бар. Ал экөөбүз официалдуу түрдө үйлөнгөнбүз. Ата, мага күйөө издебеңиз, жашоом мен ойлогондой болуп жатканына кубаныңыз”, - деп курбусуна баш кошконун ачык айтып, бактылуу экенин билдирген. Анын айтканына көнбөгөн атасы, “Гигиге сөзсүз күйөө табам.

Келечекте менин жолумду жолдоочу адам бул – менин неберем” – деген сөзүн айтып, күйөө балага койгон баасын 180 млн го көтөргөн.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости