www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өлкөлөрүнө коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн эки жыл убакыт керектелиши мүмкүн. Мындай пикирди кытай вирусологу, COVID-19 боюнча Шанхай серепчилер тобунун жетекчиси Чжан Вэньхун билдирген. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты. Анын айтымында вирус жоголуп, кайра пайда болсо, бул таң калычтуу деле эмес.
“Европадагы пандемия жакынкы келечекте бүтөт деп ойлобогула... Эгер вирус жоголуп, кайра пайда болуп, бир же эки жылга созулса нормалдуу көрүнүш болуп саналат”,-дейт Чжан Вэньхун.
Анын айтымында пандемиянын эң жогорку деңгээли апрелден июнга чейин созулуп, жай айларында басаңдашы ыктымал. Бирок күзүндө жана кышында жаңы, кыйратуучу күч менен кайрылышы мүмкүн.
“Пандемияны көзөмөлгө алуу дүйнө өлкөлөрүнүн аракетине байланыштуу болот”,-дейт ал.
Анын пикирине караганда COVID-19дун алдын алуу, токтотуунун жолу-чечкиндүү чараларды көрүү. Серепчи Кытай вирустун таралышын көзөмөлгө алып, Уханды чукул арада изоляцияга алгандыгын эскертти.
Чжан ааламга бир айлык карантин керек деп эсептейт: “Ошондо пандемияны токтотсо болот. Бирок мен качандыр бир кезде бүткүл дүйнө, ал тургай Германия же Европа токтоп тургандыгын элестете албайм”,-деп кошумчалаган серепчи.
Булак: NazarNews.kg