www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зордуктоого күнөөлөнүп жаткан таксисттин сот процесси Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарындагы сотто бүгүн каралганы тууралуу «24.kg» сайты жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, кийинки сот процесси 14- июнда болот. Юристтин айтымына караганда, айдоочунун айыбы угузулары күтүлүүдө, 12 жыл кесүүгө сурап жатышкан. Айыпталып жаткан адам өзүнө коюлган күнөөнү моюндабай келет. Анткени ал кызды зордуктабай эле анын макулдугу менен болгонун, жолкиресин төлөй албай калгандыгына байланыштуу ушундай чечим эки жактан тең болгонун айтып келет. Бирок, ага карабастан Тоңдогу райондук сот айдоочуну күнөөлүү деп таап, “Зордуктоо” беренеси менен үч жылга эркинен ажыраткан.
Эскерте кетсек, кызды зордуктоого шектелген айдоочуну Ысык-Көлдөгү ИИБ 2016-жылдын 4-августунда кармаган.
Булак: NazarNews.kg