www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибандар» дагы эки аймакты басып алышты

9-июлда «Талибандын» өкүлдөрү Афганистандагы 2 шаарды басып алышты. Алардын бири Иран менен чектешкен аймактагы Ислам-Кала шаары болсо, экинчиси — Түркмөнстан менен чектешкен аймактагы Тургунди шаары. Бул маалыматты Афганистандын «TOLO news» басылмасы жарыялады.

Бул шаарлардагы көзөмөл өткөрүү пункттары дагы талибдердин колунда.

Буга чейин Тажикстандын Хорог шаарынын тургундары Афганистан менен Тажикстан чектешкен аймакта талибандар желегин орнотконуна күбө болгону жарыяланган. Желекти Тем кичи районундагы Пяндж суусу аркылуу өтүүчү көпүрө тарапка орнотушканын «Азия Плюс» жазды.

Жергиликтүүлөр тарткан видеодогу маалымат боюнча, топ адамдар көпүрөнүн тирөөчүнө чыгып, афган өкмөтүнүн желегин түшүрүп, анын ордуна «Талибан» желегин орноткон.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров билдирген маалымат боюнча, «Талибан» чек ара аймагына дээрлик толук көзөмөл кылып калды.

Ал эми Москва шаарындагы сүйлөшүү учурунда «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Орто Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик чек ара режимин бузбай турганын айтышканы жарыяланган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости