www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн аксакалдарынан турган интеллигенциясы өз ара уюшуп, президент Садыр Жапаровго таасир жаратууну көздөшүп, кеп-кеңеш айтуу менен кадр саясатына кийлигише башташканы тар чөйрөдө талкууланып келет.
Мындай жердешчилик, “кол ийрисине тарткан” көрүнүштүн аягы жакшылыкка алып барбаса керек. Бирикмени биз “Көлдүк аксакалдардын кеңеши” деп атап коёлу. Булар соңку убакта чектен чыгышып, көпчүлүк кызмат орундарына өз уул-кыздарын койдурууга жетишкени, трайбализмдин тескери үлгүсүн жаратышканы жашыруун эмес. “Дирижеру” президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов болсо, аксакалдардын атаманы Сыртбай Мусаев жалмаңдап, артык кылуунун ордуна тыртык кылышууда.
Эрксизден баш чайкайсың! Кайсы бийлик болбосун, Сыртбай Мусаев “кошоматтык кесиби” менен президенттерге жагалданып, үгүт иштерине чейин аралашып, “алсам-жулсам” деген амбициясы менен тумшугун ар жерге тыгып келгени кандай? Акаев заманынан бери алымсынбаса, кызарган жердин үстүндө жүрсө, деги мунун көзү топуракка тоёбу? Аксакалдык куракта коомчулукка жакшы жагынан үлгү көрсөткөндүн ордуна жулуңдап эле кызмат, байлыкка жанталаша берсе, быяктагы карап отургандар түкүрүнүп атышат го? Ушунчалык да обору ач беле? Ток этери, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев өзүнө тийешелүү милдетин так аткарбай, жердешчилик, интрига менен “ооруп” калганы ойлондурбай койбойт...
Булак: Азия News гезити