www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А. Атамбаевге 100% тиешелүү экендиги юстиция министрлиги аркылуу тастыкталып турган “Апрель ТВ” аттуу телеканал иштеп баштаганын кимдер билбейт? Бул телеканал алгачкы кадамын таштаганда эле бийликти бир тараптуу шыбоо менен баштаган.

Жакында эле аталган телеканалда атайын репортаж көрсөтүлдү. Анда бүгүнкү күндө “саясий куугунтук болуп атат” деген пикир жаратуу аракети жасалганын айтып коелу. Анан алардын логикасы боюнча кимдерге саясий куугунтук болуп атканын айтып коелу – С. Исаков, А. Сегизбаев, И. Жолдубаева сыяктуу экс-чиновниктерге.

Биринчиден, УКМКнын мурдагы башчысы А. Сегизбаевге кандай саясий куугунтук болуп атканын тыңдап түшүндүрүп бергилечи. Же анын кызматынан бошотулганын эле саясий куугунтук деп атай берсе болобу? Эгерде ошол жагынан алып айтып атышкан болсо, анда А. Сегизбаев өз арызы менен кызматынан кеткенин эскертип коелу. Андан кийин ага карата бийлик тараптан эч кандай кысым дагы, куугунтук дагы болгон жок. Тескерисинче, саясий куугунтуктун атасын дал ушул Сегизбаев мырза таанытканын кайда катабыз?

Мисалы, ал “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевди чет өлкөлөрдүн биринен “Манас” аэропортуна келип конору менен карматтырып келип, камакка алган. Экс-депутат Садыр Жапаровду да чет мамлекеттердин биринен Кыргызстанга кайтып келери менен кармаган. Аликүнчө такталбаган “Белизгейтти” ойлоп чыккан. Эгер ошол “Белизгейт” далилденбесе, анда А. Сегизбаевдин да жоопкерчилиги карала турганын убагында А. Атамбаев өзү да билдирген. Бирок, дагы деле анын жоопкерчилиги карала элек.

“Апрель ТВнын” журналисти өз репортажында “Эгерде А. Сегизбаев болбосо, анда өткөн жылдагы президенттик шайлоо тынч өтпөйт болчу” дегендей ойду кыйытат. Бул эмне тамашабы же догурунуубу? УКМКнын башында ким турса дагы, ал өлкөнүн коопсуздугу үчүн башы менен жооп берет. Андыктан өзүнүн кызматтык милдетин аткарганы үчүн догурунуу өтө одоно катачылык. Ошол эле убакта элибиз эч кандай башаламандыкка өздөрү да жол бербейт болчу. Себеби, биздин эл эми ар кандай митинг-пикеттерден жадап, стабилдүүжашоону, өнүгүп-өсүүнү гана каалап калды.

Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду “укмуш сонун иштеп аткан, аны жөн эле отставкага кетирип салышты” кыязын көрсөтүшөт. Эгерде ал чындап эле укмуш иштеп атса, анда неге эки ирет эл аралык деңгээлде түзүлгөн келишимден кайра баш тартууга аргасыз болушкан? Эмнеге анын убагында долбоорлор башталбай жатып күм-жам болуп атты?

И. Жолдубаева баш прокурор кезинде экс-президент А. Атамбаевдин эле укугун талашып, журналисттер менен соттошуп жүргөнүнөн бөлөк эмнеси менен эсте калды? Эч нерсеси менен. Анын убагында Дина Маслова, Нарын Айып, Чолпон Жакуповаларга карата кылмыш иштери козголуп, миллиондук доолорго жыгылганын жакшы билебиз. Муну сөз эркиндигине кысым, саясий куугунтук деп атоого толук мүмкүн болчу.

Ошол убакта А. Атамбаев “Ушак таратпагыла, ушак таратуу бир тууганынын этин жеген менен барабар” деп айтчу. Эми болсо, өзүнөкараштуу “Апрель ТВ” аркылуу ачык эле ушак таратып отурат. Ошондо азыр өзү кандай “эт” жеп атканын билет болду бекен? Саясий куугунтук, сөз эркиндигине карата кысым өзүнүн убагында болгонун, бүгүнкү күндө андай көрүнүш жок экенин билип турса да билмексен, көрүп турса да көрмөксөн. Кыязы, ушак-имиштерди таратуу менен кайрадан бийликке келүүнүн амалын жасап аткан көрүнөт. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости